Күнүмдүк турмушта биз конфликттерге оңой эле туш болобуз. Адатта, тараптардын кызыкчылыктары ар башка болуп, орток бир чечим табуу мүмкүнчүлүгү болбой калгандай көрүнөт.
Бул учурда компромисске баруу же позицияны аягына чейин коргогондун ордуна бардыгынын купулуна толо турчу жыйынтык берүүчү чечимге келүү мүмкүн. Бул нерсени үйрөнсө болот.
Биз Zооm программасын колдонобуз. Долбоорго 54 жаш адам катышат. Вебинарлардын эффективдүү өтүшү үчүн катышуучулар үч топко бөлүнөт. Ар бир топтун өзүнүн жалпы маеги (чат) болот. Ал жерден алар онлайн сабактарга жана окуу материалдарына шилтемелерди алып турушат, ошондой эле суроолорду берип, кейстерди талкуулашат. Биздин вебинарларда кыскача көнүгүүлөр камтылып, алар сиздин билимиңизди бекемдеп, жөндөмүңүздү жакшыртат.
18 команда ар түрдүү ролдорду аркалап, сүйлөшүүлөр аркылуу ар кандай конфликттерге натыйжалуу чечимдерди издешет. Мында башкы максат – жеңишке жетүү эмес, эң оптималдуу чечимди табуу. Ар бир раундда командаларга ар кандай кызыкчылыгы бар “ойдон чыгарылган окуялар” берилет. Катышуучуларга бардык тараптын кызыкчылыктарына туура келген чечим чыгарып, бир консенсуска жетүү керектелет.
ideaca.today сайтында атайын турнирдик блок түзүлөт, андан турнирдик сетканы жана тапшырмаларды көрө аласыздар. Командалардын оюндарына эксперттик калыстар тобу баа берет.